2023-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын Жазык-процесс кафедрасы жазык-процесс сабагынын алкагында «Аялдарга жана балдарга каршы жасалган жыныстык кол тийбестикке жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды иликтөө боюнча сунуштар» – деген темада конок лекциясын уюштуруп өткөрдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/5e1bcc21-5501-4d06-b7bb-2c41136ddcc2-1-1024x768.jpg)
Сабакты Демократиялык процесстерди изилдөө коомдук фондунун борборунун өкүлдөрү Илибезова Л.К., Карпович Е.И. өттү.
Лекцияга Квалификациясын жогорулатуу борборунун угуучулары жана Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттары катышышты.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/64b49592-0b91-4d5e-b558-08e88fe1816f-1-1024x768.jpg)
Лекциянын жүрүшүндө:
– сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды иликтөөнүн принциптери жана стандарттары;
– сексуалдык зомбулуктун курмандыктарын кайра виктимизациялоо;
– сексуалдык зомбулук көргөн аялдардын жана балдардын психологиялык абалынын өзгөчөлүктөрү.
– жабырлануучулар менен алгачкы байланыштар ж.б.у.с. талкууланды.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/369064f4-7d74-4067-9e0b-b3102e58f407-1-1024x776.jpg)
Талкууну жыйынтыктап жатып лекторлор бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалашты. Өз кезегинде угуучулар менен курсанттар бул теманы жигердүү талкуулап бергендери үчүн конокторго ыраазычылык билдиришти.