2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ыкчам

кеңешме өткөрүлдү. Ага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана түзүмдөрдүн башчылары катышышты.

Жыйында ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов жыл ичиндеги

артыкчылыктуу милдеттерди, ар бир багыттагы жетишкендиктерди белгилеп, кетирилген кемчиликтерди талдоого алды.

Өз сөзүндө башчынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова, билим берүү сапатын жогорулатуу максатында окуу методикалык кеңешме өткөрүп, жаңы окуу жылына карата өзгөртүүлөр киргизилээрин айтты.

Ал эми башчынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов отчеттук мезгилдеги бир катар кемчиликтер менен жетишкендиктерге

токтолуп,өздүк курам арасында тарбиялык иштерди бекемдөө, күжүрмөн даярдыкты күчөтүү иш-чараларын алдыга коюу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле башчы, Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгына санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди ийгиликтүү улантууну,

өтүп жаткан курулуш иштерин сапаттуу аткарууну буйруду.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын аткаруу активдүүлүгүн күчөтүү тапшырмасын койду.

Кеңешменин соңунда башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов кирип келген жылда сапаттуу иш алып баруу үчүн көптөгөн долбоорлор, пландар жана милдеттер аткарууда турганын эскертип, бир катар тапшырмаларды коюу менен өздүк курамга кызматтык ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *