2023-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов Россиянын Ички иштер министрлигинин Нижний Новгород академиясы уюштурган “КМШга мүчө мамлекеттердин практикасында адам укуктарын консолидациялоонун жана аны ишке ашыруудагы конституциялык-укуктук өзгөчөлүктөрү”  темасында “Эмне? Кайда? Качан?” интеллектуалдык оюнуна катышып 18 команданын ичинен байгелүү 3-орунду ээлеген курсанттарга Ардак громаталарын тапшырды.

Ошондой эле 5 – 10 ноябрга чейин Казакстандын Түркестан шаарында өткөн II Түрк Универсиадасына шахмат боюнча Кыргызстандын курама командасы катышып, 3-орунду ээлеген.  Команданын мүчөсү ИИМдин Академиясынын студенти Тотухан Тапаевге медаль жана диплом тапшырды.

Сапка тизилүү, өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *