2024-жылдын 16-майында Ички иштер министрлигинин Академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана 2022-2027-жылдарга “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программаны аткаруу максатында “Нарктуу коом-улуттун жүзү” аттуу тарбия иштери боюнча жаштар арасындагы форум болуп өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек  Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев,  Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, айрым министрликтердин өкүлдөрү,   ИИМдин түзүм башчылары, ардагерлери, Бишкек шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларынын жетекчилери, студенттери, ошондой эле маданият кызматкерлери катышышты. 

Иш-чарага келген коноктор кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин айкелине гүл-чамбарларын коюшту. Андан соң окуу жайдын алдында Академиянын курсанттары “Манас” эпосунан үзүндү айтып, ураан чакырышты.

Негизги иш-чара чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.

Алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек  Касмамбетов сөз сүйлөдү. “Билим берүү эң ири тармак, тагыраак айтканда, ага 1 млн 600 миңден ашуун адам тартылган. Бул ‒ зор күч. Билимдүү адам ‒ биздин эң башкы байлыгыбыз. Ансыз ааламдашуу доорундагы адамзат болочогун элестетүү мүмкүн эмес. Алдыда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, билим берүүнүн алдыңкы усулдарын тездик менен өздөштүрүү, аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү милдети турат. Мамлекеттин жаштарга өзгөчө көңүл буруп, алардын келечегине кам көрүп жатканы бекеринен эмес. Жаштар ‒ өлкөнүн башкы таянычы. Кыргызстандын бакубат келечеги ¬‒ дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген жаштардын колунда. Ошондуктан, мамлекет аларга илгери үмүт байлап, зор ишеним артылууда”, –деп ал терең ишеничин билдирип өттү.

Нарк куржунунан асыл кептер айтылган соң, ИИМдин Академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими жарыяланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек  Касмамбетовго “Кыргы Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Башкы кеңешчиге ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов диплом тапшырып, профессордун мантиясын кийгизди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев форумдун өтүп жатышын жогору баалап, өткөндөн сабак алып, келечекке ишенимдүү кадам шилтөө керектигин билдирди.

Андан соң, форумда Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, өлкөнү өнүктүрүүдө улуттук нарктын таасири жогору экенин баса белигиледи.

“Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Улуттук нарк-бизди башка улуттардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүгүбүз, элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Кыргыз элинин улуттук наркы кыйыры учсуз кылымдарды, мерчеми түпсүз мезгилдерди артка таштап, келечектен үмүтүн үзбөй канат байлап, өмүр-өлүм, жашоо-тиричилик кагышып үзөңгүлөш жүргөн не бир татаал учурларды баштан өткөрүп, келечек урпактарынын камын көрүп, болочогун боолгоп келген ата-бабаларыбыздын бизге-улам кийинки муунга таберик калтырган мурасы. Улуттук нарк – мекенчилдикти, атуулдукту тарбиялоонун булагы. Акыркы жылдары ааламдашуу, модернизация түшүнүктөрүн жашообузда көп учуратып калдык.  Кыргыз эли бир нече жылдар мурун улуттук каада-салттар, улуттук оюндар, мейман күтүү, маек куруу сыяктуу салттуу маданиятка басым жасап келишсе, ал эми бүгүнкү күндө мындай көрүнүштөрдү сейрек кездештирүүгө болот. Анткени ааламдашуунун таасири менен батыштын маданияты калк арасына кирди. Ааламдашуу процессине баш ийген заманбап дүйнөдө радикалдуу маданий өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп жатат. Эгерде алдын ала таасирдүү сактык жана коргоо чараларын көрбөсөк, цивилизациялык нарк-дөөлөттөр глобалдашуунун кубаттуу толкундары астында күм-жам болуп көмүлүп калуу коркунучу да жок эмес”,-деди өз баяндамасында Адылбек Бийбосунов

Форумдун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары кенен чечмеленип, ата-салтынан асыл кептер айтылып, келечек муунга нарктуу тарбия берүү боюнча сунуштар берилип, кеңештер айтылды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттарынын сахналаштырылган сценкасы жыйынтыктады. Анда курсанттар, улуттун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, ааламдашабыз деп адашуу жолуна түшүп бараткан, каада-салттарды кадырлабаган, нарктын кадырын кетирген жана башка көйгөйлүү көрүнүштөрдү жаратып жаткан замандаштарына туура жол көрсөтүүгө аракет кылуу максатын көздөшүп, жогорку чеберчилик менен аткарып көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында катышуучулар ИИМдин Академиясынын музейи менен таанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *