30-ноябрда Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин тарбиялануучулары менен тарбиячыларынын колунан жаралган буюмдардын ярмаркасы уюштурулду.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/12/image-24.png)
Ярмаркага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, угуучулар, курсанттар, студенттер катышышып, керектүү жана пайдалуу буюмдарды сатып алышты.
Иш-чараны Уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү уюштурду.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/12/image-25.png)