17-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов 2022-жыллын 13-октябрында Бишкек шаарында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спортчуларынын жаркын элесине арналган республикалык мелдеште байгелүү орунга ээ болгон курсант, студенттерге сыйлыктарды тапшырды.

Аталган мелдеште ИИМдин Академиясынын курама командасынын мүчөлөрү, 4-курстун курсанттары Асылбеков Айдарбек 100 м. аралыкта чуркоодо 3-орунга, Токтогулов Мээрбек 1500 м. чуркоодо 3-орунга, Уланова Камила ядро түртүү боюнча 2-орунга жана копье ыргытуу боюнча 3-орунга ээ болгон.

Ал эми 400м. аралыкта чуркоодо 3-орунга ээ болгондугу үчүн 2-курстун студенти Азымканов Эркинбек, 500м. аралыкта чуркоодо 2-орунду ээлегендиги үчүн 1-курстун студенти Суюналиева Гүлбагым сыйланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Динамо” коомунун буйругу менен, Академиянын спорттук иш-чараларына активдүү катышкандыгы жана ИИМдин мелдештеринде жакшы жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн, ИИМдин “Динамо” спорттук коомунун “90 жылдык” юбилейлик медалы менен милициянын подполковниги Исаев Максат Төлөнович жана милициянын подполковниги Момуналиева Луиза Сакеновна сыйланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *