Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Жарлыгынын алкагында КРнын Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Беловодскийдеги балдардын психонервологиялык социалдык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларына барып, “Бөбөгүм биз сени менен” аттуу волентордук жардам көрсөтүп келишти.

Кызматкерлер жана курсанттар белектерин көтөрүп алып барып, бөбөктөрү менен көңүлдүү күн өткөрүштү.

Ошондой эле мекеменин айланасына тазалык иштерин жүргүзүштү.

Иш-чара курсанттарга жана кызматкерлерге таалим-тарбия берүү максатында ИИМдин Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *