Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы тарабынан 2022-жылдын 31-март күнү  “Экологиялык укук” сабагы боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун студенттери арасында «Брейн-ринг» акыл таймаш уюштурулду. Оюн Жарандык-укуктук сабактар кафедрасынын окутуучуларынын, Окуу инспекциялык башкармалыгынын жана Илимий-изилдөө борборунун катышуусунда болуп өттү.

Акыл таймашуунун жыйынтыгында 2-курстун 21-группасынын «Биота» командасы биринчи орунду, 24-группасынын «Гринпис» командасы экинчи орунду, ал эми  22-группасынын «Экологическая милиция» командасы үчүнчү оорунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Андан сырткары 21-группанын студенти М. Артельева «Мыкты капитан» номинациясын жеңип алды.

Калыстар тобу студенттердин оюнга кызыгуу менен, жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгын баалап, мындан аркы окууларына ийгилик каалашты. Кафедра жетекчиси оюн аягында командаларды даярдаган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *