2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, билим берүүсүнүн отличниги,  Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Аттокур Жапанов менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө  илим-билимге ат көтөргүс салым кошкон илимпоз агай Ата Мекен, туулган жер,  эне тил, ата-бабалар наркы, мекенчилдик,  атуулдук милдет тууралуу маек куруп, курсанттардын суроолоруна да жооп берди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *