Бүгүн, 28-ноябрда Ала-Тоо эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетинин 4-курсунун студенттери ИИМдин Академиясында конокто болушту.

🔸Университеттин окутуучусу Мамед Фараджиев студенттерге “Криминалистика”сабагы боюнча “Издөө тактикасы” практикалык окуу курсун өткөрүүгө алып келген.

🔹Студенттер 3 топко бөлүнүп, кылмыш болгон жерлерде издөө иш-чараларын жүргүзүштү.

🔸Алар Академиядагы практикалык сабак абдан кызыктуу өттү жана тартип катуу экен деген ойлорун билдиришти.

🔹Ошондой эле студенттер курсанттар менен электрондук тир окуу классында “Ок атууга даярдык” сабагына катышып, тапанчадан ок атуу боюнча күчтөрүн сынашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *