13-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 3-курсунун курсанттары ИИМдин Академиясынын ардагери милициянын отставкадагы полковниги Р. Жапаркулов менен жолугушту. Жолугушуунун башында ИИМдин Академиясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Т. Илимгазиев курсанттарды ардегер менен тааныштыра кетти.
Андан соң, Р. Жапаркулов өзүнүн эмгек жолундагы кызыктуу окуяларга токтолуп, ички иштер органдарында кызмат өтөө оңой иш эмес экендигин белгилеп, жарандарга сапаттуу укуктук жардам көрсөтүү үчүн татыктуу билим алуу зарыл экенин билдирди. Андан соң курсанттар кызыктырган суроолорун беришип, жооп ала алышты.