Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында ички иштер органдарында 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн кызматкерлердин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды. Иш-чарага ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Илимгазиев катышты. Тариель Абитов медалдарды тапшарып жатып, жоопкерчилиги опол тоодой кызматты аркалаган кызматкерлерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, түйшүгүн тең бөлүшкөндөрү үчүн жубайларына терең ыраазчылыгын билдирип, чың ден-соолук, узун өмүр каалады. Андан соң ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев медалдын маанисин жана келип чыгуу тарыхы менен тааныштырып, офицерлердин жубайларына атайын арналып жазылган ыр саптарын да окуп берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *