Илимий иштерди уюштуруу бөлүмү (ИИУБ)

Бөлүмдүн начальниги ю.и.д., профессор, милициянын полковниги А. Д. Адамбекова

ИИУБ Академиянын илимий ишин жогорку окуу жайлардын илимине коюлган талаптардын деңгээлинде пландаштыруу жана уюштуруу; окуу процессин илимий-методикалык жактан камсыз кылуу; окутуучулардын илимий-методикалык иштерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү; Академиянын кафедралары жана башка бөлүмдөрү менен биргеликте илимий иш-чараларды (конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды, тренингдерди, конкурстарды, олимпиадаларды, брейн-рингдерди) уюштуруу жана өткөрүү; профессордук-окутуучулук курамдын, курсанттардын жана студенттердин илимий иш-чараларга (эл аралык, мекемелер аралык, ЖОЖдор аралык) катышуусун камсыз кылуу; курсанттар жана студенттер үчүн илимий изилдөөлөрдү уюштуруу иштерин алып барат.

Илимий иштерди уюштуруу бөлүмү 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебинде илимий-изилдөө жана редакциялык-басма бөлүмүн түзүүдөн башталат. Бөлүмдүн начальниги ошол эле учурда мектептин начальнигинин илимий иштер боюнча орун басары болгон. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын илимий-изилдөө жана редакциялык-басма бөлүмү илимий-изилдөө борбору болуп кайра түзүлгөн. 2022-жылдын августунда оптималдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен илимий-изилдөө борбору илимий иштерди уюштуруу бөлүмү болуп кайра түзүлгөн.

Азыркы учурда бөлүмдү юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Адамбекова Айлен Доктурбековна жетектейт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында 2008-жылдын апрелинен тартып иштейт. 2011-жылы Кыргыз улуттук университетинде докторлук диссертациясын жактаган. 2019-жылы Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан ага «профессор» илимий наамы ыйгарылган. Бүгүнкү  күндө 90дон ашык илимий эмгектердин автору.

ИИМдин Академиясынын ИИУБунун ишинин багыттарынын бири чет өлкөлөрдүн ИИМинин ЖОЖдорунун билим берүү уюмдарынын, алардын илимий, илимий-педагогикалык жамааттарынын ортосунда байланыш түзүү, ошондой эле билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө протоколдорду ишке ашыруу боюнча максаттуу жумушчу программалардын аткарылышын координациялоо болуп саналат.

ИИУБ Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын Кыргыз Республикасында жарыялоо үчүн басылмалардын тизмесине киргизилген милициянын генерал-майору Э.А. Алиев, атындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жарчысы» аттуу илимий мезгилдүү басылманы чыгарууну жүзөгө ашырат. Журнал 2004-жылдан бери чыгып келе жатат жана жыл сайын ИИМдин Академиясынын, республиканын ЖОЖдорунун окутуучуларынын, Кыргызстандын окумуштууларынын гана эмес, ошондой эле алардын чет өлкөлүк кесиптештеринин эмгектеринин да жыйнагы болуп саналат. Иштин дагы бир багыты курсанттар жана студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу болуп саналат. Академиянын бардык кафедраларында 11 илимий ийрим бар, алардын жыйналыштарында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн, башка укук коргоо түзүмдөрүнүн, кылмыштуулуктун айрым түрлөрүнө каршы күрөшүү жана башка көп маселелер боюнча тийиштүү болгон алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ар кандай багыттагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланат. Мындан сырткары, академиянын курсанттары жана студенттери университеттер аралык, ЖОЖдор аралык, республикалык жана эл аралык деңгээлде өтүп жаткан илимий конференцияларга, сынактарга, олимпиадаларга активдүү катышып, бир нече жолу дипломдор, грамоталар, сертификаттар, баалуу сыйлыктар менен байгелүү орундарга ээ болушкан.