ИИМдин Академиясына атайын келген Бишкек шаарынын тургуну Мендешова Кеңешгүл Ургазиевна аталган окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсантына ыраазычылык билдирип коюу үчүн келгенин билдирген. Кеңешгүл айымдын айтымында үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында студент небере кызы кечке маал окуудан келе жатып өзун жаман сезип, эси ооп көчөгө жыгылып калган. Жолдо кетип бара жаткан 2-курстун курсанты Алмаз Алибаев студент кызды Бишкектеги №4 шаардык ооруканага такси менен жеткизип, кабыл алуу пунктунда кыздын жакындары келгенче кутүп турган.Өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын бийик койгон, кайдыгерликке жол бербей колдон келген жардамын аябаган, келечектеги мыкты кызматкерлерди тарбиялап келе жаткан окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсанты Алмаз Алибаевге кыздын чоң энеси Кеңешгүл Мендешова ыракматын айтып, ак батасын берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *