Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасында көп жылдар бою эмгектенген милициянын подполковниги Абдразакова Айнура Рахматуллаевнаны ардактуу эс алууга узатышты. ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов чың ден-соолук каалап, мындан ары да жаш муундарды тарбиялоодо бай тажырыйбасы менен бөлүшүп, ардагер катары чоң салымын кошооруна ишенээрин билдирди. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен милициянын полковниги наамы да ыйгарылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *