2022 – жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын 20 жыл мурда аяктаган курсанттардын жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара ИИМдин Академиясынын “Бүтүрүүчүлөр аллеясына” бак отургузуу менен башталды. Андан соң, чоң жыйындар залында биринчи курстун курсанттары менен жолугушуу болуп өтүп, жолугушууда ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов сөз сүйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, алардын 20 жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.

Келген коноктор окуу жайды 20 жыл мурун бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн атынан ИИМдин Академиясына чакан белегин тапшырышып, курсанттар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолоруна да жооп беришти.

Андан соң, мааракенин ээлери ИИМдин Академиясынын ичи менен таанышышып, музейинде да болуп кайтышты. 2002-жылкы Академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан биринчи курстун курсанттарына майрамдык түштөнүү да уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *