Милиция кесибин тандап, ИИМдин Академиясына окууга келген ар бир курсант үчүн Ички иштер министрлигинин музейинде болуу сыймык.

Буга үчүн ИИМдин Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү тарабынан график түзүлүп, Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун курсанттары Сагын Наматбаев атындагы ИИМдин музейине барып жатышат.

12-декабрда курсанттар куратору жана курстук офицери менен ИИМдин музейине барып, кыргыз милициясынын түптөлгөндөн ушул күнгө чейинки басып өткөн тарыхы менен таанышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болуп, дем-күч алып келишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *