2024-жылдын 14-февралында ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчө сү, акын-котормочу, Маданияттын мыкты кызматкери Жылдызбек Турсунбаевдин поэзия кечеси болуп өттү.
Маданий кечеде акын өзүнүн “Дил чабыт”, “Жаралуу сезимдер” китептеринен чыгармаларын окуса, акындын калеминен жаралган ырларды ырчы, обончу Кубаныч Сатаев аткарып берди.
Ал эми студенттер жана курсанттар кызыктырган суроолорун берип, акын ага жараша ыр менен жооп берип, кече шаңдуу өттү.