2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы тарабынан 3-курстун курсанттарына «Сотко чейинки өндүрүш» сабагы боюнча жеринде практикалык сабак уюштурулду.           

Сабакты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын майору Кайрат Иманалиев өткөрдү.           

Практикалык сабактын жүрүшүндө курсанттар “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” жана «Таза тергоо» кылмыштуулук маалымат базалары менен таанышышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *