Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин 3-курсунун магистранттары ИИМдин Академиясынын музейинде болушту.

Магистранттар окуу жай атын алып жүргөн Кыргыз милициясынын биринчи генералы Эргеш Алиевдин өзүнүн параддык кителин, куралын көрүп, өмүр таржымалы, жасап кеткен эрдиктери, үй-бүлөсү туураалуу маалыматтарды сүрөттөрдөн, документтерден, китептерден көрө алышты.

Ошондой эле 55 жыл тарыхы бар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын түптөлүшү, алгачкы жетекчилери, жетишкендиктери жалпы эле ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматтарга ээ болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *