Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) ИИМдин  Академиясынын 4-курсунун студенттери үчүн «Интеллектуалдык менчиктин негиздери» деген темада конок лекцияларын өткөрдү. Иш-чара  Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулган.

            Конок лекциянын негизги максаты  Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында студенттердин практикалык билимдерин жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп эсептелет.

Лекцияларды: Экспертиза башкармалыгынын товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси А.Нургазиева, автордук укук жана байланыштуу укуктар башкармалыгынын автордук укуктарды каттоо жана жайылтуу бөлүмүнүн башкы адиси З.Чалова, интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Мусуралиев окуду.

            Кыргызпатенттин эксперттери товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин укуктук жактан коргоо, автордук жана байланыштуу укуктардын объектилери, Кыргыз Республикасындагы чыгармаларды каттоо жана интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жолдору жөнүндө айтып беришти.

            Конок лекциясынын аягында студенттер уюштуруучуларга жана баяндамачыларга абдан кенен жана пайдалуу маалыматтар  үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *