🔷 2023-жылдын 2-февралында Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Сталинград салгылашында фашисттик аскерлерди жеңүүнүн 80 жылдыгына карата Өчпөс отко гүл коюу аземи болуп өттү.

🔷 Иш-чарага ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын олковниги Т. Абитов, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев, колбашчынын орун басары полковник Бакыт Айыпов жана курсанттар катышты.

🔷 Бул күнү Кыргызстан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр Улуу Ата Мекендик согуштун эң ири салгылашууларынын бири, Экинчи Дүйнөлүк Согуштун жүрүшүндөгү бурулуштун жана немецтик аскерлеринин акыркы стратегиялык демилгеден ажырап калган учурдун 80 жылдыгын белгилешүүдө.

🔷 Иш-чаранын аягында курсанттар параддык эсеп катары калган катышуучулар менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, меймандардын жана эстеликке чогулган шаардын тургундарынын алдынан өтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *