2023-жылдын 3-февраль күнү Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын бир жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.

Коллегияга Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Борбордук аппараттын кызматтарынын,  “Унаа” мекемесинин, ошондой эле жер-жердеги шаардык-облустук-райондук ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коллегияны ачып, бүгүнкү жыйында карала турган негизги темаларга токтолду. “Бүгүнкү коллегиялык отурумда ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги   жыйынтыктарын чыгаруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында көрүлгөн иш-чаралар, санариптештирүү чөйрөсүндөгү маселелер жана министрликтин уюштуруу башкаруучулук иш-мерчемдерин бекитүү жөнүндө маселелер каралат. Аталган маселелерди карап,  ар тараптуу приоритеттүү багыттарын белгилеп, алдыда аткара турган максаттарга жетүү үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз”,-деди министр.

Коллегияда биринчи маселе боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адыл Бийбосунов өз баяндамасында, 2022-жыл ичинде Ички иштер министрлиги, Президентибиз Садыр Жапаровдун Жарлыктарын, тескемелерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алуу менен уюштуруу иштерин алып барганын баса белгиледин. Ошондой эле ички иштер органдарынын жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерге токтолуп жана  криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү  чыңдоо багытында бир катар тапшырмаларды атап, төмөнкүлөргө токтолду.

Коллегияда 2022-жылдын 12 айында ички иштер органдары өлкөнүн бардык аймактарында жалпы элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып келгендиги белгиленди. 2022-жылы Ички иштер министрлиги укук коргоо чөйрөсүндө коюлган милдеттерди чечүүнү камсыз кылды жана  укук тартибин коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка олуттуу иш-чараларды өткөрдү. Ички иштер органдарынын ишин ар тараптан жакшыртуу боюнча оң натыйжаларга жетишти, санариптештирүү, түзүмдү оптималдаштыруу, борбордо жана региондордо калкка сервистик кызматтарды көрсөтүү, коомдук тартипти сактоо боюнча  алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырды.

Башкы прокуратуранын талдоосу көрсөткөндөй, жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан жалпы 45 миң 96 кылмыш катталган. Анын ичинен ички иштер органдары тарабынан 42 миң 498 кылмыш катталган. Бул жалпы санынын 94 пайызын  түзөт. Ал эми кылмыштын бетин ачуу пайыздык көрсөткүчү 60 пайызды түздү. Министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов кылмыштуулукту алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, өздүк курам арасында ички тартипти чыңдоо, кесиптик даярдыкка даярдоону күчөтүү учурдун негизги талаптары экендигин баса белгиледи.

2022-жылы ички иштер министрлиги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүндө  бир катар ийгиликтерге жетише алды. Алсак, эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү бир катар натыйжалуу иш-чараларды жүргүздү. Чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында үстүбүздөгү жылы 354  иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө.   Ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн бардык ички иштер министрликтери жана Шанхай кызматташтык уюму, ошондой эле Корея, Түркия, Япония менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырды.

Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында жана ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жер-жерлерде жарандардын даттанууларын жана арыздарын чечүү максатында республиканын бардык региондорунда “милициянын көчмө кабылдамалары” иштейт. Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 58 “милициянын көчмө пункту” иштеп жатат, бардык кабылдамалар атайын автоунаалар менен камсыз кылынган. Жыл ичинде “милициянын көчмө кабылдамасы 6462 жолу элге чыгып, анын жүрүшүндө 18705 адам кайрылып, 8330 арыздар кабыл алынды. Алардын ичинен социалдык суроолор боюнча 1813 жаран кайрылды. Бардык катталган материалдар боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынган. Автоунаалар  GPS (ЖПС) каражаттары менен жабдылып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында атайын Мониторинг борбору түзүлдү.

ИИМдин “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмү транспортту жана айдоочулук курамды каттоо боюнча калкты тейлөөнүн жаңы пункттарын Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Бишкек шаарында инфраструктураны жакшыртуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында жаңы пункттар Автоматташтырылган калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Жыл ичинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердигинен республикалык бюджеттин кирешесине бардыгы болуп 1 473 695,5 миң сом түштү. Транспорт каражаттарын каттоо жаатында адамдарды бетинен тааныган  face-id (фейс айд) модулу иштелип чыгып, сатуучу менен сатып алуучуну ким экендигин чынында таанууга мүмкүнчүлүк берип, транспорт каражатынын каттоодон өткөндүгүн далилдей алат. Ошондой эле Кыргызстандагы банктардын мобилдик тиркемелери жана уюлдук операторлордун электрондук капчыктары аркылуу QR кодун окуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну ишке киргизилди.

Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, соттуулугу жок же бар экендиги тууралуу жана ички иштер органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча маалымкаттарды жана башка документтерди берүү үчүн азыркы учурда борбордо жана региондордо “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 41 борбору жана пункттары иштеп жатат. Алдыда бардык райондорго ушундай борборлорду ачуу пландалууда. Министрлер Кабинетинин “Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2022-жылдын 15-мартынан тартып Ички иштер министрлигинин Баткен облусундагы “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору жана пункттары жарандарга 18962 маалымкаттар жана башка документтер акысыз бекер берилди.

Келип түшкөн белги-билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу, жарандарга жардам көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында аймактык ички иштер органдарына республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен Ички иштер министрлиги 144 даана автоунаа, 5 талаа ашканасы жана 2 учкучсуз учуучу аппарат алып,  ички иштер органдарынын регионалдык кызматтарына бөлүнүп берилди.

 Радиобайланыштын санариптик режимине өтүү максатында Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Баткен облустарында кызматкерлерге өз ара ыкчам маалымат алмашууга жана алыскы аралыкта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү санариптик ретрансляторлор орнотулган. Өткөн жылы 6 санариптик ретранслятор, 24 стационардык радиостанциялар жана 120 көтөрүп жүрүүчү радиостанциялар алынды.   Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөгөн ИИОнун кызматкерлери көчмө санариптик радиостанциялар менен камсыз болушту. Бул ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте коюлган милдеттерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.

            Ички иштер органдарында электрондук форматта документ жүгүртүүнү ишке киргизүү максатында тиешелүү ишмердиктин жобосу бекитилип, министрлик атайын маалымат тутумга кошулган (Инфодокс-(Infodocs). Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңешке жана башка мамлекеттик органдарга жарандардын кириш, чыгыш кат-кабарлары жана кайрылуулары боюнча каттар  электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.

Жол коопсуздугун сактоо багытында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде Жол кырсыгынын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында “Автоураган-МС” мобилдик комплекс 2022-жылдын 25-апрелинен баштап ишке киргизилди.  «Автоураган МС»  мобилдик комплекси кыска убакыттын ичинде 4 587 укук бузууларды аныктады, атайын унаа токтолуучу жайларга 2 651 автотранспорт киргизилип, алардын 640 автоунаанын издөөдө жүргөндүгү такталды, ал эми төлөнгөн айыптардын суммасы 41 миллион 790 миң сомду түздү. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун кызматкерлери тарабынан 2022-жылы жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары тууралуу  685 миң 709 токтом чыгарылып, жалпы суммасы 699 млн. 151 миң 105 сом мамлекеттик бюджетке төлөнгөн.

Милиция менен коомчулуктун ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында YouTube каналында, Facebook, Instagram, Telegram, Twitter, башка соцтармактарында ИИМдин расмий баракчалары жана аккаунттары түзүлүп, натыйжалуу иштеп жатат. Республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына, соцтармактарга ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө жыл ичинде 56195 материалдар жарыяланып, ИИМдин сайтындагы жаңылыктар менен 354 миң жаран кирип таанышты. Коомдук тартипти сактоо багытында ар тараптуу 100 чукул видеороликтер жарыяланды. Учурда бул багытта да ишмердүүлүктү мындан дагы күчтөндүрүү максатында иш аракеттер көрүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *