2024-жылдын 16-февралында ИИМдин Академиясынын Ардагерлер Кеңешинин отчеттук-жыйынтыктоочу жыйыны өткөрүлдү. Ага окуу жайдын арадегрелери катышышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни жана көзү өтүп кеткен ардагерлерди эскерүү менен башталды.
Өз сөзүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ардагерлердин өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кошкон залымдары үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.
Жыйында Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Төлөгөн Илимгазиев жыл ичинде өткөрүлгөн жана уюштурулуган жолугушуулар, иш-чаралар боюнча отчетун экрандан көрсөтүп берди.
Ошондой эле жыйында ардагерлер төраганы кайрадан дайындоо, бекитүү иш-чарасын өткөрүштү.
Жыйындын соңунда курсанттардын жана студенттердин чакан концерти, ошондой эле сый тамак тартууланды.