Жыл соӊунда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында салтка айланып калган “Жылдын мыкты кызматкерин” тандоо сынагы өткөрүлдү.

Сынакка кызматтык милдеттерин так жана өз учурунда аткарган, Академиянын аброюн көтөрүүгө салым кошуп жүргөн, жогорку квалификациядагы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоодо кошкон өздүк салымы, кызматтагы жана окуудагы жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлер жана курсанттар, студенттер катышышты.

Атайын бекитилген комиссиянын отурумунда “Жылдын мыктысына” талапкерлердин жыл ичинде жасаган иш-аракеттери, жетишкендиктери каралып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ:

милициянын полковниги Д. Абдырасаков, Ыкчам иликтөө ишмердүүлүк кафедрасынын начальниги;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТҮЗҮМҮ: Уюштуруу-аналитикалык укуктук иштер жана эл аралык кызматташтык бөлүмү;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ:

милициянын полковниги А. Абдырахманов, Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын улук окутуучусу;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КАФЕДРАСЫ:

Аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ милициянын подполковниги К.Орозбаева, Уюшуруу-социалдык тарбия иштер бөлүмчөсүнүн инспектору;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КУРСТУК ОФИЦЕРИ:

милициянын майору Асанбаев И.Ж., Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультеттин курстун начальнигинин орун басары;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КУРСУ: Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультеттин 4-курсу;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КУРСАНТЫ: Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанты Б. Табылдиева;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ: Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун студенти Э.Камилов;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТСМЕНИ: (эркектердин арасында) милициянын полковниги Б. Джамангулов, Окуу-инспекциялык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТСМЕНИ: (аялдар арасында) милициянын подполковниги Н. Жорготаева, Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин улук инспектору;

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СПОРТСМЕНИ: (курсант, студенттердин арасында) Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары А.Асылбеков, Г. Адылбекова;

Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетининстуденттери У. Керимбеков, Илешбек кызы Дилдеайым.

“Жылдын мыктысы” наамына ээ болгон кызматкерлер, курсанттар жана студенттер Академиянын начальнигинин буйругу менен сыйланып, өткөрүлгөн майрамдык жыйында аларга сыйлоо ленталары тапшырылды. Андан тышкары, окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан курсанттарга, студенттерге “Билим. Мыйзам. Намыс” төш белгилери, ардак грамоталары жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов жалпы өздүк курамды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, келе жаткан жыл жетишкендиктердин жылы болушуна тилектеш экенин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *