28-декабрда КР ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери Краснореченский айылында жайгашкан мектеп-интернатынын жана Беловодск балдар психоневрологиялык үйүнүн тарбиялануучуларын  келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Майрамдык маанайды түзүү үчүн балдар үйүнүн администрациясы менен макулдашуу боюнча бардык тарбиялануучуларга белектер сатылып алынды. Ал эми балдарга чыныгы жомок сыйкырчылары - Аяз Ата жана Аяз кыз белектерди беришти.
Балдар үйлөрүнүн жетекчилиги балдарга көрсөткөн колдоосу жана көңүл бургандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин Академиясына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *