Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Манас театрынын манасчысы, №4 Балдар искусство мектебинин окутуучусу Нурбек Калыбек уулу, ошол эле мектептин окуучулары А. Тажибаева жана Т. Мамытов менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Манас театрынын манасчысы Нурбек Калыбек уулу кыргыздардын баа жеткис руханий мурасынын асыл берметтеринин бири болгон жарым миллиондон ашык ыр сабынан турган жана дүйнөдөгү эпостордон көлөмү боюнча ашып түшкөн “Манас” баатырдык эпосунун үчилтиги тууралуу маалымат берип, андан соң, “Манастын төрөлүшүнөн” үзүндү айтып берсе, окуучулары А. Тажибаева “Жомок башы”, Т. Мамытов “Манастын бала чагынан” узүндү аткарып беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *