2023-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин   ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде, КР Ички иштер министрлигинин Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча жана  Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын көп жолку чемпиону Александр Мелентьевдин элесине арналган ок атуу боюнча жалпы республикалык үч күндүк чемпионат болуп өттү.  Ачылыш аземинде Динамо спорт комплексинин төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев сөз сүйлөп, алдыңкы үч күндө оюнчуларга ийгилик каалап, чемпионаттын жүрүшү жана жана тартиби боюнча кыскача маалымат берди.

15-марттан 17-мартка чейин уланган бул иш-чарада, ички иштер кызматкерлеринен куралган 15 курама команда ат салышып, жаш куракка жараша күч сынашты. Үч күндүк чемпионаттын жүрүшүндө, катышуучулар граната ыргытуу, “Макаров” тапанчасынан жана “Калашников” автоматынан ок атуу, ошондой эле биатлон, жана майда калибрдүү мылтык атуу  боюнча таймашып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы жалпы командалык эсепте Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча 3-орунга, ок атуу боюнча 2-орунга ээ болду.

Жеке эсепте, Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча 30 жашка чейинки аялдар  арасында ИИМдин Академиясынын окутуучусу милициянын улук лейтенанты Р. Джоробекова ал эми 40 жашка чейинки эркектер арасында 3-курстун курсанты Э. Есеналиев 3-орунга ээ болушкан. “Калашников” автоматынан ок атуу боюнча милициянын подполковниги З. Сатувалдиева 3-орунга ээ болду. Майда калибрдүү мылтыктан ок атуу боюнча ИИМдин Академиясынын кызматкерлери милициянын полковниги А. Аблаев жана милициянын улук сержанты  Р. Чекирова байгелүү биринчи орунду багындырышкан.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *