2023-жылдын 14-15-18-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын демилгеси менен ИИМдин Тергөө кызматынын, Бишкек шаардык жана Чүй областык ички иштер башкы башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнө ошондой эле Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлерине жогорулатуу курсу уюштурулуп, өткөрүлдү.

Окуу курсун Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статитстика жана эсепке алуу башкармалыгынын адистери өттү.

Уюштурулган иш-чаранын максаты, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык процессуалдык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системасына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча толук жана кенен маалымат берүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *