Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жалпы академиялык сапка тизилүүдө спорттогу жетишкендиктери үчүн ИИМдин Академиясынын курама командаларына сыйлыктарды тапшырды. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 28-мартынан баштап, 28-апрелге чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында спорттун 17 түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Аталган мелдеште ИИМдин Академиясынын бокс жана кыргыз күрөш боюнча курама комадалары биринчи орунга ээ болгон. Ал эми жеңил атлетика, ордо боюнча экинчи орунга, кыздардын күрөшү менен эркин күрөш боюнча курама командалары үчүнчү орунду багындырган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *