Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИОнун жетектөөчү курамдын квалификациясын жогорулатуу графигине ылайык 2023-жылдын 11-сентябрынан 15-сентябрына чейин Чуй областтык ИИББнын, Ош шаарынын ИИБнын жана областтык ИИБнын башчыларынын орун басарлары КыргызРеспубликасынын ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу курсун ийгиликтүү аякташты.

Кызматкерлер, атайын иштетилип чыккан жана бекитилген окуу программалары боюнча тематикалык курстарды өтүштү. Жыйынтыгында ИИБнын башчыларынын орун басарлары компьютердик тестирлөө түрүндөгү экзамен тапшырышты. Андан соң кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *