29-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери Сагын Нааматбаев атындагы ИИМдин музейине барышты.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/431106643_18021443723042063_5166886429846299310_n.jpg)
Алар кылымга тете тарыхы бар министрликтин басып өткөн жолу, анын ичинде ар бир түзүмдөрдүн таржымалы тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/428491482_18021443696042063_5474564658903229093_n.jpg)
Студенттер 2,5 жылдык мөөнөткө билим алууга келип, аны ийгиликтүү жыйынтыктап, мамлекеттик аттестация алдында турушат.
Бүтүрүүчү курска сынактарда ийгиликтерди каалайбыз.