3-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын адеп-ахлактык-руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана келе жаткан 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата салтка айланып калган “Кырк чоро” аскердик-спорттук мелдеши өткөрүлдү. Аталган иш-чара курсанттарды, студенттерди бийик адеп-ахлактык жана чың дене тарбиялык жактан өнүктүрүү, атуулдук улутмандык, ар-намыстуулук сапатын жогорулатуу максатында уюштурлган.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/WhatsApp-Image-2023-05-04-at-10.40.42-2-1024x768.jpeg)
Сынак 4 этаптан туруп, 1-этабы интеллектуалдык оюн брейн-ринг түрүндө өткөрүлүп, катышуучулар Ата-Мекендик согуш жана Улуу жеңиш боюнча берилген суроолорго жооп беришти.
2-турда командалар аралыкка чуркоо менен бутага таамай атуу боюнча ат салышса, 3-турунда жарадар болгон адамга тез жардам көрсөтүү, Калашников автоматын (АК-47) толук эмес чачуу жана кайра чогултуу боюнча күч сынашты.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/WhatsApp-Image-2023-05-04-at-10.40.44-2-1024x768.jpeg)
Сынактын 4-турунда эки жамааттын күч сынашуу оюну болгон аркан тартыш боюнча командалар күчтөрүн сынап көрүштү.