Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2023-жылдын 18-сентябрындагы “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын ИИОнун ишмердүүлүгүнө тиешелүү  ченемдери жөнүндө ИИМдин Академиясынын туруктуу курамына кесиптик- кызматтык даярдык сабагынан лекция окулду. Маалыматтык-китепкана борборунда “Кыргыз тили жана Ч.Айтматовдун ааламы” аталышындагы бурч уюштурулган жана Академиянын өздүк курамы, курсант, студенттери, угуучулары арасында “Бир адамдан бир китеп” өнөктүгү өткөрүлүп, Ч.Айтматовдун китептери маалыматтык-китепкана борборуна тапшырылды.

Кыргыз тили жана адабияты сабагында 1-2-курстун  курсант-студенттерине, угуучуларына Ч.Айтматовдун чыгармаларынын  негизинде эссе, дилбаян, жат жазуу иштери жүргүзүлүп, 1-курстун курсанттарына Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалар ар жуманын жекшемби күндөрү көргөзүлдү.

2023-жылдын 12-октябрынан 14-декабрына чейин курсанттардын жана студенттердин арасында “Айтматовдун дүйнөсү менин көз карашымда” аталышында эң мыкты дубал-гезит саныгы жарыяланган, анын жыйынтыгында  I орунду 1-курстун студенттери, II орунду 4-курстун курсанттары жана III орунду 1-курстун курсанттары  ээ болуп диплом менен сыйланышты.

2023-жылдын 10-ноябрында ИИМдин Академиясынын кызматкерлери арасында “Сабаттуу жазуу” өнөктүгү боюнча жат жазуу иши өткөрүлдү.

7-декабрда 1-2-курстун курсанттары, студенттеринин арасында Ч.Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармалары боюнча “Акыл таймаш” интеллектуалдык  оюну өткөрүлүп, I орунга 2-курстун курсанттарынын “Адам” тайпасы, II орунга 1-курстун студенттеринин “Алтынай” тайпасы жана III орунга 2-курстун студенттеринин “Бугу эне” тайпасы ээ болуп,  диплом менен сыйланышты.

11-декабрда “Мен билген Чыңгыз Айтматов” аталышындагы   жолугушуу өткөрүлүп, иш-чарага коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматова,  Академиянын жетекчилиги, кызматкерлери, курсанттары жана студенттери  катышты.  .

Кыргыз улуттук университетинин залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып уюштурулган “Айылдан ааламга жол салган Айтматов” атындагы ЖОЖдор аралык сценка сынагында ИИМдин Академиясынын курсанттары биринчи орунга ээ болушкан.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *