Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында жарыялаган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык 1-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери көрктөндүрүү иш- чарасына активдүү катышууда. Студенттердин демилгеси менен окуу жайдын алма багына жүздөн ашык ар түрдүү мөмөлүү бактардын көчөттөрү отургузулуп, сугарылып, тазалоо иштери да жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *