18-мартта ИИМдин Академиясынын имаратында өздүк курам тарабынан имараттын тышкы айланасын тазалооо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке 700дөн ашык кызматкерлер жана курсанттар, студенттер тартылып, имараттын тегерегиндеги дарактардын жалбырактары, таштандылар алынып, арыктар тазаланып, эски куураган бактардын бутактары кесилип ирээтке келтирилди.
Андан тышкары, Лермонтов көчөсүнөн тартып М. Ауэзов көчөсүнө чейин Чуй проспектисин тазалоо иштери да жүргүзүлдү. ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *