2023-жылдын 17-20-октябрына чейин Кыргыз дене тарбия-спорт уюму “Динамо” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата түзүмдөр арасында динамиада өткөрдү.

Мелдеште 9 курама команда спорттун 7 түрү боюнча күч сынашышты.

Жыйынтыгында ИИМдин Академиясынын курама командасы 2-орунду ээлеп, медаль, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болду.

Академиянын кызматкерлери жана курсанттарынан турган команда,

шахмат боюнча 1-орун,

жеңил атлетика боюнча 1-орун,

стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орун,

дартс боюнча 2-орун,

тогуз коргоол боюнча 3-орун ээледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *