4-декабрь Манас эпосунун күнү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун училтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) ар тараптан изилдеөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында мамлекеттик маданий иш- чара болуп өттү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/12/image-42.png)
Ага күндүзгү билим берүү факультеттеринин студенттери жана курсанттары катышып келишти.
Бул күндү белгилөөнүн максаты – Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга колдоо көрсөтүү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/12/image-43.png)