Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Түркияда болгон зилзаланын кесепеттерин жоюуга жардамдашуу үчүн барып келген куткаруучулар менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ӨКМдин Бишкек шаары боюнча Башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары капитан Э. Мусуралиев, прапорщик Р. Өмүрбеков, прапорщик А. Кубатбек уулу, курсанттар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, куткаруучулар Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөдө урандылардын астында калган адамдарды куткаруу, зилзаланын кесепеттерин жоюу аракеттери тууралуу маалымат беришип, курсанттардын суроолоруна жооп беришти.

Окуу жайдын жетекчилиги жана курсант, студенттер апааттын очогу орун алган Кахраманмараш жана Хатай аймактарында өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күнү-түнү тыным албай иштешкен куткаруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *