2023-жылдын 19-23-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, милициянын отставкадагы полковниги Мурат Кийизбаевдин 70 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт академиясы бокс боюнча биринчилик өткөрдү.

Мааракеге ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов катышып, куттуктоо сөзүн айтып, белегин тапшырды.   

Эске салсак Мурат Кийизбаев ИИМдин Академиясында көп жылдар бою эмгектенип, дене тарбияга даярдык кафедрасынын жетектеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кафедра жетекчиси.

Аталган мелдештке ИИМдин Академиясынан 8 спортчу курсанттары катышып байгелүү орундарды ээлешкен.

Айдин Асанов 71 кг., Азат Сүйүтбеков 80 кг., Дастан Туратбеков 57 кг. 1-орунду ээлешти.

Ал эми Азамат Исаков 63 кг. жана Эмирлан Мамыров 71 кг. 3-орунду багындырышкан.

Мушкерлерди биринчиликке машыктыруучулары ИИМдин Академиясынын дене тарбияга даярдык кафедрасынын профессору милициянын подполковниги Жакшылык Байтереков жана ошол эле кафедранын окутуучусу милициянын майору Бакыт Сариев дайындаган.

Курсанттарга мындан аркы беттештерде да ийгиликке жетишүүнү каалайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *