2024-жылы 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттарына берип жаткан теориялык билимди тереңден үйрөтүү максатында ИИМдин Тергөө кызматында конок лекция өткөрдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/04/433906600_18024903053042063_3749699964762906510_n.jpg)
Курсанттарга Тергөө кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Азамат Дуйшеналиев, «Таза тергөө» программасы боюнча сабак өтүп, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды жана кеңештерди берди.