8-февраль  күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Квалификациясын жогорулатуу боборунда окуп жаткан ИИОнун Нөөмөт бөлүмдөрдүн начальниктери жана ИИБлардын коомдук коопсуздук боюнча начальниктин орун басарлары  саптык даярдоо сабагы боюнча даярдыктан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун инспекторлору өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө туура сапка туруу, ордунан бурулуу, саптык кадам таштоо менен аскердик саламдашуу, взводдун курамында басуу жана начальнике келип кетүү боюнча машыгуу болуп өттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *