Карылар күнү кары адамдарыбызга дагы бир жолу ыраазычылык билдирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт эмеспи.

Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин кызматкерлери жана студенттери 1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата көп жылдар бою Академияда үзүрлүү эмгектенип, окуу жайдын өнүгүшүнө зор салымын кошуп кеткен ардагер Каравай Асаналиевдин жубайы Токтобүбү Асаналиевага барып, куттуктап келишти.

Жолугушууда ардагердин жубайы окуу жайдын кызматкерлерине “Каравай Асаналиевичтин кылган эмгегин баалап, эсиңерден чыгарбай келе жатканыңар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин улууларга кылган урмат-сыйыңардан жаш муун үлгү жана тарбия алат деп ишенем”- деди Токтобүбү апа.

Ар бир улгайган адам ардактуу адам

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *