2023-жылдын 6-октябрында ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары
Батыш Салиева атындагы Нижняя-Серафимовка жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык- станнонардык мекемесине барып, аталарга, апаларга чакан концерттик программа тартуулап, маанайларын көтөрүп келишти.

Курсанттардын тартуулаган өнөрлөрүнө ыраазы болгон карыларыбыз, батасын берип, ыраазычылыктарын айтышты.

Ошондой эле өздүк курам тарабынан чогултулган каражатка тамак-аш, жер жемиш, таттуулар алынып, берилди.

“Улгайган адамдардын биздин жашообузда орду чоң болгондуктан алардын майрамында жана андан тышкары кезде да барып куттуктап келебиз. Бул өз учурунда өсүп келе жаткан муунга жемиштүү тарбия болот деп ишенем – деди Уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *