Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” Чынгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө жана 95 жылдыгына карата республикадагы жогорку окуу жайлар аралык сценка сынагына 10дон ашык университеттин студенттери катышты.

Сынактын уюштуруучуларынын бөлүштүрүүсү менен ИИМдин Академиясынын курсанттары “Эрте келген турналар” повестинен үзүндү аткарышты.

Калыстардын койгон баалары менен ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанттары бир катар ири университеттерди артка калтырып байгелүү орундуу ээлешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *