ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери балдарга жардам көрсөтүштү
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барышты. Алар балдар үчүн кийим-кечелерди, оюнчуктарды, кир жуучу каражаттарды жана жеке гигиеналык каражаттарды ала барышкан.
Балдар мекемесинин жетекчилиги Ички иштер министрлигинин Академиясынын студенттерине колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №315-р тескемесинин талаптарын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *