Бүгүн, 11-сентябрда, ар дүйшөмбү ИИМдин Академиясынын саптык аянтында өтүүчү сапка тизилүү учурунда, ардагерди ардактуу эс алууга узатуу салтка айланган салтанаттуу аземи болуп өттү.  

Ички иштер органдарында отуз жылдан ашык кызмат өтөп, кылмышкерлер менен күрөшүүдө көптөгөн ийгиликтерди жаратып, андан соң ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине билим жана таалим-тарбия берүүдө өз салымын кошуп келген, ИИМдин Академиясынын бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин  башчысынын орун басары милициянын полковниги Акбаралы Кулсариев ИИМдин Академиясынын күжүрмөн туусу жана өздүк курамы менен салтанаттуу коштошту.

 Ардагерге окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов: “Сизди, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан ардактуу эс алууга чыгышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиз, Академия үчүн эле эмес, кыргыз милициясынын өсүп өнүгүүсү үчүн өз салымыңызды аябастан коштуңуз. Сизге, узун өмүр, бакыт-таалай, кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайбыз. Ар дайым өмүрүңүздү кубанычтар жандап, ийгиликтер коштоп жүрсүн” – деген жылуу сөздөрүн арнады.

Андан соң “ИИМдин Академиясынын ардагерлер кеңешинин” төрагасы Төлөгөн Илимгазиев “Ардагер” төш белгисин тапшырып, ардагерге аруу тилектерин каалады.

Өз кезегинде Акбаралы Кулсариев  ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана өздүк курамга ыраазычылык билдирип, алдыда аткарылуучу иштерге ийгиликтерди каалашты.

Иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *