28-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында жаш өспүрүмдөр үчүн “Ачык эшиктер” күнү уюштурулду. Бишкек шаарында жайгашкан “Сейтек” толук эмес жалпы билим берүү мектебинин 3-классынын окуучулары ИИМдин Академиясынын имараты менен таанышып, музейинде болушуп, окуу жайдын тарыхы, милициянын тунгуч генералы Эргеш Алиев, окутуучулар курамы жөнүндө жана курсанттардын күн тартиби тууралуу маалыматтарды алышты.

Криминалистика полигонунда жайгашкан “Ок атуучу куралдар” музейинде болушуп, курал-жарактын түрлөрү менен таанышышты. Андан соң, окуу жайдын ок атуучу жайына барышып, электрондук тирден да атып көрүштү. Жаш өспүрүмдөргө ИИМдин Академиясынын жетекчилиги тарабынан чакан белектер ыйгарылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *