Бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында жалпы Академиялык сапка тизилүү болуп өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов коомдук коопсуздукка чыга турган ИИМдин Академиясынын кызматкерлерине жана курсанттарына мыйзамды, кызматтык тартипти сактоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, кызматтык кийимди кийип жүрүү тартибин бузбоо боюнча нускама өткөрдү. Иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *