Ушул жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кылмыш-жаза укугу кафедрасы “Жаза аткаруу укугу” сабагынын алкагында, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын полковниги Жеңиш Сакелов менен конок лекция уюштурду.

Жеңиш Сакелов 3-курстун курсанттарына көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, “Түзөтүү мекемелериндеги тартип жана аны камсыз кылуу каражаттары” темасында кенен маалыматтарды берип жана аталган кызмат жөнүндө кыска метраждуу фильм көрсөттү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *